ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайдын тургуну карышкыр менен кармашып, аны муунтуп өлтүрдү

Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Толубай уулу Ырыскелди карышкыр менен кармашып, карышкыр өлүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ырыскелди өзү WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окуя кечээ, 17-апрель күнү саат 14:30 чамасында болгонун айткан окурман эч кандай жаракат албаганын билдирди.
"Айылыбыздын жогору жагындагы Тамчы-Ата кыштоосуна топоз караганы баргам. Ат минип бараткан болчумун, карышкыр күтүүсүз жерден алдымдан чыгып, мага тап берди. Мен аттын үзөңгүсү менен башка чапкылап жатып жерге жыгылттым, кийин муунтуп өлтүрдүм",- деди Ырыскелди. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
zhykyo
2015-04-18 16:42:46
Карышкыр какап жатып олгон экен да ээ
0
beka88
2015-04-18 16:48:39
тузака тушкон эле карышкыр экенго, анан да карышкырлардын авторитети калбай бара ататго, мени карышкыр дешчу блиин,,
+2
tairbek.
2015-04-18 16:52:28
эркек экенсин Ырыскелди, карышкыр эмес иттен корккондор ар нерсени жаза берет!
-1
bom.bon
2015-04-18 18:14:31
Атты чаап кетип калбаптыр олтурбой эле!кыргызстанда жаныбарлар кырылып баратат!жыркыч болсо да башка жактан пайдасы болотда!
0
aslan_akjol89
2015-04-18 18:17:38
Узонгу менен башка чапкылап жыгып алганга окшобойт го,карышкырдын башы таза боюнча турат,темир тийсе башы жарылып кан болмок да.Анан да карышкыр ме деп башын тосуп тура бербейт адам бир нече жолу чаба бергиче.Башкасын билбейм,мен лично ишенген жокмун.Жогорудагы комменттерде коркоктор ишенбейт дешиптир.Карышкыр коруп,атып деле жургом.Мен учун карышкырдын суру деле калбаган.
+3
kuba1
2015-04-18 18:18:48
готором болуп олуп калган карышкырды еле таап алган го
+2
temirov76
2015-04-18 19:19:26
Суроттогу карышкыр экени анык го бирок ат карышкырды алыстан сезип эле туйлап кишенеп жиберчу эле ушул жери окшошпоптур же ошол кезде ат кандай абалда болгонун жазган эмес окшойт а адам баласы мындай шашылыш учурда кайдан куч пайда болуп кантип олтуруп салганынды озун да байкабай калышын мумкун.
+1
ulaAjidar
2015-04-18 19:55:03
Багып журуп,олтуруп алган гоо....Бош жургон карышкырга окшобойтго
+2
aash
2015-04-18 20:09:46
Туйата. Бул номер кишини ишендирбейт. Чын болсо азамат, калп болсо уят.
0
AnarRazakovich
2015-04-18 21:26:12
окшотподум мен дагы
0
chon-alai90
2015-04-18 21:40:42
мен деле коргом и далай карышкыр аткам карышкыр онойойчулук менен мойун бербейт адамдан да акылдуу болот бул карышкыр касал болгонго
0
aijan280389
2015-04-18 23:21:49
Ошол талаада олтургон маалын тартып жиберсе ишеничтуу болмок екен. Оз ажалы менен олуп катып калгандай го карышкыр байкуш.
0
asiret
2015-04-19 18:43:50
Мен азыр эле Ачык-Суу айылында болуп элдер менен жолугуп келдим бул тууралуу сөз укпадым го. 19.04.2015 саат 18.43
0
komsomol85
2015-04-20 00:11:42
Адам корккондо кучтуу болуп кетет олтурсо олтургондур кичинекей карышкыр экен аны устуно.
0
admin_portal
2015-04-20 12:18:58
Aliyar85,
Түшүнүксүз комментарийиңиз өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан