Өлкө боюнча медициналык орто билим берүүчү 16 медициналык колледж, 1 институт жана 1 кесиптик окуу жайы бар. Аталган мекемелерден 2012-жылы 3 миң 878 кадр даярдалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө үй-бүлөлүк дарыгерлер, анестезиолог-реаниматологдор, неантологдор, хирургдар жана акушер-гинекологдор жетишсиз болууда. Ал эми өлкөдө жогорку билимдүү медицина адистерин даярдоочу 6 ЖОЖ бар.