"Дарыгерлер бейтаптарга жок жерден ар кандай анализдерди жазып акча жасашат". Мындай пикирин бүгүн, 20-апрелде маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Бермет Барыктабасова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер бейтаптарды гипер диагностикадан өткөрүп, зарыл болбогон кымбат анализдерден өткөрүүгө жиберишет. Анан 20-30га жакын ар кандай дары-дармектерди алууга кагаз жазып беришет.
“Бейтапты жакшылап медициналык кароодон өткөрүп эле ага туура диагноз коюуга мүмкүн. Бирок врачтар өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлогон учурлар болууда”,- деди адис.
Бермет Барыктабасованын айтымында, өлкөдө медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзамдар 100 пайыз иштебей жатат.
“Мисалга алсак, онкологиялык ооруларды дарылоону бекер жүргүзүү кажет. Бирок баарыбызга эле белгилүү нерсе, онкологиялык илдеттерди дарылоо эң кымбат болуп саналат. Мамлекеттик дарылоодо көмүскө акча алуулар бар. Ошол эле жеке медицина борборлорунда прейскурант илинип, бардык кызматтардын баалары көрсөтүлгөн. Ал эми мамлекеттик медициналык мекемелер андай прейскурант илишпейт. Баары бекер делгени менен, акча чоң көлөмдө эле алынат”,- деди адис.