Ош мамлекеттик университетинде
Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата окуу жайдын медицина
факультетинде согуштун ардагерлери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга согуштун ардагерлери
К.Жолдошев, К.Яворский, К.Газыев, ошондой эле Баткен
коогалаңынын ардаргерлери, медицина
факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.
Окуу жайдан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, жаштарга акыл-насаат сөздөрүн, жакшы тилектерин жолдошту. Ошондой эле таланттуу студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.