Бишкек шаарында өткөрүлгөн жалпы ишембиликке 65 уюм жана мекемеден 3 миңден ашык адам катышты. Ага 5 атайын техника тартылып, тазалоо иштери төрт райондун аймактарында өткөрүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, ишембиликтин катышуучулары калаанын сейил бактарын, ошондой эле имараттардын аймагына тиешелүү жерлерди тазалашты. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын мындай иш-чараларга катышып турууга чакырды.