Төрт эмдин апасы: “Балдардын аттарын алмаштырып албайлы деп ар биринин керебеттерине ысымдарын жазып койдук”

Бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу Бишкекте төрт эм эркек балалуу болгон үй-бүлөгө конокко барып кайтты. Белгилүү болгондой, учурда Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек 200 граммдан салмак кошуп, ден соолуктары жакшы. 4 эм менен катар дагы 3 уулду тарбиялап жаткан эне бир кезде боюнан алдырууну ойлогонун, азыр балдардын кучагында өзүн бактылуу сезип жатканын айтып берди.   

"ЭНЕ СҮТҮМ 4 БАЛАМДЫ ТОЙГУЗГАНГА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ"

Балдардын энеси Гүлайым Абдылдаеванын айтымында, төрт эмдин экөөсү бир тондон чыккандыктан, бири-бирине куюп койгондой окшош, ал эми калган эки наристе айырмаланып турат. Ата-эне балдардын аттарын алмаштырып албоо үчүн ар биринин керебеттеринин тушуна ысымдарын жазып коюшкан. Гүлайым Абдылдаева: “Менин сүтүм төртөөнө тең жетпей, аларга кошумча азыктардан берип жатабыз. Эң кичинекей болуп төрөлгөн Кубанычбекти көбүрөөк эмизем. Балдарым курсагы ток, асты таза болсо күлүп-жайнап калышат”,- дейт. 

4 ЭМДИН ТӨРӨЛҮШҮ МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨДӨ 7 УУЛ БОЛДУ 

Балдардын атасы Нурлан Зарнаев уулдары төрөлгөн күндү эч качан унутпай турганын айтат: “Мындай бакыт ар бир наристе күткөн ата-энеге буюрсун дейм. Кээде ишене албай кетебиз. Качан балдарыбыздын жанына келип жыпар жытына мас болгондо “бакыт деген ушу тура” деп калабыз. Жубайымдын аман-эсен көз жарып алганына медкызматкерлерге абдан ыраазыбыз”.

“Төрт эм төрөгөндөр биздин тукумда болгон эмес”,- деп сөзүн улантты Нурлан мырза. “Бирок жубайым тарапта эгиз төрөгөндөр болгон, анын таенеси, апасы экиден эгиз төрөшкөн, ал өзү да эгиздин түгөйү”,- дейт ал. Ал эми учурда Нурлан менен Гүлайымдын төрт эмден башка дагы 3-2-класста окуган Нурсултан, Эрбол жана 1 жаштан ашкан Элхан аттуу уулдары бар. Жылмайып, шайыр отурган Эрбол апасына чоң жардамчы болуп калганын айтып берди: Апам чарчабасын деп үй жыйнайбыз, катуу шоктонбойбуз. Бөбөктөрүбүздү терметебиз. Инилерим чоңоюп калса, аларга окуганды үйрөтөм”.

"9 АЙ МУРУН БОЮМА БҮТКӨНДӨ ДОКТУРГА БАРЫП, БОЮМДАН АЛДЫРАМ ДЕГЕМ"

9 ай мурун боюма бүткөндө ооруканага алдырам деп баргам. Себеби Элхан аттуу уулумду операция жолу менен төрөгөнүмө 6 айдын гана жүзү болгон. Албетте, мындай учурда кайра бойго бүтүү өтө кооптуу болгон. Бирок УЗИден эгиз балдар экенин айтышканда апам менен кеңешип, “Кудайдын бергени экен” деп кайра төрөөнү чечтим. Башында дарыгерлер эки бала дешкен, кийин үчөө экен деп, акыркы жолу барганда төрт эм эркек көтөрүп жүрөсүң деп сүйүнтүштү. Кудайга шүгүр, балдарымды 9 ай көтөрүп, аман-эсен көз жарып алдым. Эми дагы кыздуу болобуз деген үмүтүм чоң”,- деди Гүлайым Абдылдаева.    

"ӨКМӨТ ҮЙ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧИП БЕРЕБИЗ ДЕП ЖАТАТ"

Тилекке каршы, 7 кичинекей баласы бар бул жаш үй-бүлөнүн үйү жок. Алар азыр туугандарынын үйүндө жашап жатышат. "Өзүбүздүн ысык суусу бар, жылуу үйүбүз болсо деп эңсейбиз. Президентибиз да бизге көңүл буруп, учурда үй маселесин чечип беребиз деп турушат. Өзүм куруучу болуп иштейм, бирок акыркы кезде жумушка барбай калдым. Жубайыма каралашып үйдө болуп жатам",- деди Нурлан Зарнаев.



Урматтуу окурмандар, бул макаланын видеоверсиясын "Супер ТВдан" жакынкы аралыкта көрө аласыздар. 

4 эмдин ата-энеси: “Бардык шарттары бар өзүбүздүн үйгө жетсек деп эңсейбиз”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
mira28
2015-04-22 03:15:25
Балдар жатканга жумшак керебет берсе болмок тигилеринин тубу каттуго.Элханга бир аз кыйын болуптур да апасын тарттырып жибериптир.Бактылуу болушсун уй булонор жаман коздон алыс болсун ,
мен да эгиз торошту тиленем
+1
Taa1ai
2015-04-22 10:04:29
Омурлору узун болсун
0
musa1986
2015-04-22 10:29:43
Нурлан таяке бешик боонуздар бек болсун!Омурлуу жана ден соолуктары чын болсун!
0
matazim
2015-04-22 10:41:23
Аллахым журокторуно ыйман берип чонойусун ата энесине гуйумду жана кыргыз элинин чыган жигитеринен болушсун омурлу болушсун
0
sarbo
2015-04-22 10:50:25
бактылуу ден соолуктары чын болсун,окмот кооп эле жардам кылсын,ылайым бизге дагын кудайым ушундай эгиздерди насип этсин
0
sarbo
2015-04-22 10:51:45
ии мойтойгон элхан абдан ширин бала экен,тушунбой эле калса кк
0
Shai
2015-04-22 10:57:30
Ылайым кыргызымдын бут кызына ушундай ыйман берсин. Азыр 1,2ни тороп алып калганын алдырып салышат. Кудайым канча бала берсе да баарын ырыскысы менен берет. Сразу "Баатыр эне" болуптурда. Куттуктаймын, инилерибиз акыл эстуу, ар дайым ата-энесине куйгон кыргыз элине кызмат кылган инсандардан болсун.
0
Shai
2015-04-22 10:58:29
Менин да 3 уулум бар. Мага да кудайым дагы да кооп наристе берсин деп тилеймин ар дайым. Ошондой эле кыргыздар ушинтип кобое берели.
0
suiuktuujar
2015-04-22 11:11:35
Өмурлөру узуун акыл эстуу ыймандуу келечеги кен ата эне бир туугандарын сыйлаган кыргыз элимин керегине жараган чыгаан уулдардан болушсун.
0
aikol87
2015-04-22 11:58:18
Бактылуу уй булоо.коз тийбесин тфу.тфу.Балдарынын омурун берсин.акылдуу,ден соолукта болушсун.Кудайым мага да уул берээрин унутпасын.
0
marat0989
2015-04-22 12:44:09
Кандай бактылуу адамдар !!!
0
AFRODITA-89
2015-04-22 13:40:24
бул 4 эмди операциясыз эле тороду беле кандай болчу? мурункусун операция менен торосо кантти экен дегеним бирок Азамат аял экен баарына чыдаган мындан кийин да куч кубатту болсун балдарды чонойтконго чыдамдуу болот деп ойлойм.
0
KYRGYZJERI
2015-04-22 14:30:49
AFRODITA-89,
мурун да кесарево сечение аркылуу торосо мында да ошентип тородум дейт, бирок баарын сезип, байкап, коруп турдум дейт...
0
rustam1975
2015-04-22 13:43:53
бар болгула алтындарым
0
alpekova
2015-04-22 16:47:57
омурлорун берсин
0
Amai
2015-04-22 20:23:02
Супер инфо жаматы ал уйбулого жардам фондун уйуштуралы патирётор бар жардам беребиз. Окумотун 300000 мини не жардам болот эле.
0
madina.87
2015-04-22 20:43:10
Amai, окмот 300мин эмес эле 2миллион болуп бериптир,Бишкек мэри 100мин,премьер 300мин бериптир.жетпесе дагы болуп берем дейт Атамбаев.
0
admin_portal
2015-04-23 11:48:41
Amai, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан