"Бийлик тарабынан кумар оюндарына катуу көзөмөл салынса болмок. Бинго, букмекер жана кено сыяктуу оюндарга чектөө коюлганы оң". Мындай оюн окурман 21-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Менин күйөөм 4-5 айдан бери үйгө кечинде кеч келип жүрдү. Кайда жүргөнүн сурасам, "жумуш кылып жүрдүм" дейт. Анын кумар оюндарына азгырылып кеткенин жакында билдим. Түнкү саат бирде бирөө телефон чалып, жолдошумду сурады. Уктап жатканын айтсам, “Бинго ойнобой калды беле?” дейт. Ойлоп отуруп жолдошумдун унаасын уттуруп жибергенин билдим”,- дейт окурман.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.