Свердлов районунда Чернобыль апаатында жабыр тарткандарга 2 миң сомдон акча каражаты тапшырылды

Бүгүн, 21-апрелде Бишкектин Свердлов районунда Чернобыль апаатын жоюуга катышкандарга 2 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, апааттын 29 жылдыгына карата чакан жыйын болду. Андан соң кайгылуу окуяда үй-бүлө мүчөлөрүн жоготкондорго 3 миң сомдон, I, II жана III топтогу майып болгондорго 2 миң сомдон, катышкандарга 2 миң сомдон тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо 89 адам турат. Алардын 23ү жакындарынан айрылган үй-бүлөлөр, 50сү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 16сы Чернобыль апаатын жоюуга катышкандар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан