Ош. Шаарды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 2 айлыктын алкагында мекемелер арасында сынак жарыяланды

Ош мэриясында шаарды санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча штабдык жыйын өттү. Муну бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жыйынга вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу, 12 территориалдык кеңештин кызматкерлери, шаардык мекемелердин жетекчилери, орто жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. 

Вице-мэрдин айтуусунда, Ош шаарын көрктөндүрүү иштери план боюнча уланууда. Кээ бир уюмдарга мыкты жумуш көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтылды, ал эми кээ биринин аткарылган санитардык тазалоо иштери канааттандырарлык эмес экендиги белгиленди. Мындан улам жыйындын жүрүшүндө шаарды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 2 айлыктын алкагында мекемелер арасында “Гүлдөгөн шаар-2015” сынагы жарыяланды. Иш-чарага бардык уюмдар катыша алышат. Сынак 8 номинация боюнча жүргүзүлүп, жеңүүчүлөргө шаар мэриясы 100 миң сомдук акчалай белек берет. Анда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат: 

- “Эң өзгөчө дизайн”

- “Эң жакшы түрдүү фигурада тигилген гүлдөр”

- “Эң кооз көк майсаң”

- “Эң жакшы короо”

- “Эң жакшы бала бакча”

- “Эң жакшы мектеп”

- “Эң жакшы жогорку окуу жайы”

- “Эң жакшы мекеме”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан