Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан Токомбаев көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде санитардык эрежелер одоно бузулуп жатканы аныкталды. Бул жайдын кожоюнунун атына КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.