Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп, 1 долларды сатып алуу 60 сом 09 тыйынга, сатуу 61 сом 01 тыйынга чыкты (22-апрель, саат 11:45ке карата). Бул курстун бир жума мурунку көрсөткүчүнөн 3 сомго жогору. Анткени 17-апрелде доллардын курсу кескин төмөндөп, 1 долларды сатып алуу 57 сомго, сатуу 60 сом 10 тыйынга түшкөн (17-апрель, саат 12:08ге карата). Ал эми март айынын соңунда доллар кескин көтөрүлүп, 1 долларды сатып алуу 65 сомго жеткен.