Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигине келген 152 тонналык жүк текшерүүдөн өтпөйт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйынында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, Вена конвенциясына ылайык, мындай нерсе бардык мамлекеттер арасында кадыресе эле көрүнүш.
“АКШ тарап бул жүктү өзүнүн элчилигине биринчи жолу Украина учактары менен алып келсе, жакында Орусиянын авиакаттамдары аркылуу дагы 20 тоннага чукул жүктү алып келүүнү суранууда. Анда курал-жарак же башка бир биздин мыйзамдарга туура келбеген нерселер жок. Америкадан башка деле өлкөлөр бизге бул маселе боюнча кайрылышат. Кыргыз жергеси деле өзүнүн дүйнө жүзү боюнча жайгашкан элчиликтерине жабык жүктөрдү жөнөтөт. Жиберилген нерселер бизде тонналап эсептелбейт, жүздөп эле, бирок алардын ачылбашын айтып, жүк кооптуу эмес экенин билдиребиз”,- деди министр.