Ош облусунда качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча атайын машыгуулар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 06:00дө Ош шаарында Жарандык коргонуу күчтөрүнүн катышуусунда башкаруу органдарынын атайын машыгуусу башталды. Машыгуунун максаты - чектеш мамлекеттерден келген качкындарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча пландын реалдуулугун текшерүү, чектеш мамлекеттердин аймагында согуштук-саясий абалдын курчуган мезгилинде калкты көчүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу. Ошондой эле Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана аларды камсыз кылууга даярдыгын текшерүү болуп саналат.