Бүгүн, 22-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экология жана туризм институтунун студенттери жана окутуучулары тазалык акциясын уюштуруп, Түштүк магистраль көчөсүн бойлой таштанды чогултушту. Мындай кабарды окурман 22-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Акциянын жүрүшүндө жол жээгине чогултулган таштандыны милиция кызматкерлери жолдон алыс алууну буйрушту. Мунун себебин алар саат 8:30да президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жол аркылуу өтө турганы менен түшүндүрүштү. Студенттер жана окутуучулар таштандыны жолдон алыс ташыганга мажбур болушкан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.