Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун орус тили адистигинде окуган алдынкы студенттери Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн студенттик олимпиадага катышып келишти. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын окутуучусу Ахмедова Гүлмиранын жетекчилиги астында студенттер Тагаева Нуржамал, Матазимова Айзирек, Мамасалиева Айжамал, Маданбекова Бегимай окуу жайды даңазалаган видеотүрмөк даярдап, алдын ала сайтка жарыялашкан. Олимпиадага Орусиянын бир катар шаарларынан 11 команда катышты. Бул убакытта студенттер лекцияларга катышып, аталган темадагы бир топ талкууларда педагогикалык ойлорун билдиришкен.