Бишкектеги шаардык таштанды таштоочу жайдын айланасында жашагандар кыйын абалда күн кечирип жатышат. Бул жердеги көрүнүштү сүрөткө тартып, окурманыбыз WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Окурман белгилегендей, таштанды таштоочу жайдын тегерегинде жашагандар бар. “Бул жерде жаңы төрөлгөн балдардын, окуучулардын, карыган ата-апалардын ден соолугуна ким жооп берет? Анан да дайыма жагымсыз жыт чыгып турат экен. Жолдордун абалы начар. Өкмөт жардам бербесе болбойт”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.