Бүгүн, 23-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эл аралык универсалдуу көргөзмө ачылды. Ага кыргыз өлкөсүнүн өндүрүүчүлөрүнөн тышкары Орусия, Казакстан, Украина, Германия, Бельгия, Португалиянын жана башка мамлекеттердин 60тан ашык ишкерлери катышууда. Жарманкеге шурулардан жасалган сувенирлерден тартып кийим-кече жана тиричилик техникаларына чейин коюлган.
Иш-чара КРнын Соода-өндүрүш палатасынын демилгеси менен уюштурулуп, ал 27-апрелге чейин созулат. Ошондой эле жарманкеде ишкерлер арасында “Стенддин мыкты дизайны”, “Алтын медаль” номинациялары боюнча сынактар өткөрүлөт.
Айта кетсек, былтыр аталган жарманкеге Орусия, Казакстан, Индия, Иран, Түркиянын 80ден ашуун соода компаниялары катышкан.