Талас районунда майда жандыктар кара өпкө оорусу менен ооруп жатышат. Алар эч кандай ветеринардык көзөмөлдөн өтө элек. Муну окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына маалымдады.
Анын айтымында, ооруп өлгөн койлордун өлүктөрүн малдын ээлери өз алдынча ар кайсы жерге таштап жатышат. Аларды ит тытып жеп жатканын көрүүгө болот. Мындай кырдаалда оору жайылып кетиши мүмкүн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.