Бүгүн, 24-апрелде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында ветеринардык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында бир катар ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук тармагындагы өзгөчө ийгиликтери жана көп жылдык эмгеги үчүн кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышып, "Айыл чарбанын мыктысы" деген төш белгисин тагынышты. Куттуктоо кечесинин коногу, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев чогулгандарды куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
“Кесиптештер, жалаң жакшылыктардын үстүндө жүрөлү, өзүбүздүн жерибизде кылган эмгегибизди ак ниет менен аткарып, элибиз үчүн колубуздан келген ишибизди жасай берели”,- деди министр.