ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте Үсөнбаев көчөсүндө куураган бак кулап, алдында турган унаага зыянын тийгизди

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүндө куураган бак кулап, алдында турган Хонда үлгүсүндөгү унаага зыянын тийгизди. Муну окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына маалымдады.  

“Кызыгы, ошол үйдө жашаган ардагер аксакалды Кудай сактап, ага тийбей калды. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу бүгүн президент менен жолугушууга баратканын айтты”,- деп кошумчалайт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
deva
2015-04-24 15:50:59
Шаардагы картайган бактардын жанына жаш көчөтттөрдү тигип, өскөндөн кийин карт дарактарды кыя берсек жакшы болот эле.Карт дарактарга байланыштуу көп кырсыктар каттала баштады акыркы кездерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан