Бишкекте үлпөт тоюна керектүү каражаттардын көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 24-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Европа деңгээлиндеги үйлөнүү үлпөтүнө керектүү товарлардын жана кызматтардын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучусу Салкынай Воинова билдирди. Анын айтымында, көргөзмө быйыл үчүнчү жолу өтүүдө. Ага кыргыз жергесинин жүздөн ашык компаниялары катышып жатат.

Жыл өткөн сайын биздин көргөзмө жакшы жакка өзгөрүүдө. Эгер биринчи жолу үлпөт тойго керектүү товарлардын көрүнүшү жана түрү канааттандырарлык болсо, өзүңүздөр көргөндөй, азыр мыкты деңгээлге жетип бара жатат. Бул жерден үлпөт тойго керектүү делген бардык буюм-тайым, кийим-кече, таттуу тамак-аштарды табууга болот. Көргөзмө 26-апрелге чейин уланат”,- деди уюштуруучу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан