Жалал-Абад. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эки күндүк иш сапарда
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абадда жүрөт. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүп, облуста орун алган алтын кендери менен өнөр жай объекттеринин иши менен таанышып чыгат.