Биз социалдык тармакта

Чоң унааларды 50 метрлик аралык менен айдоо талабы киргизилиши мүмкүн

Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын трассаларда ылдамдыгы саатына 50 чакырымдан ашкан учурда алдыдагы унаадан 50 метрлик аралыкты сактоо менен айдоого милдеттендирүү сунушталды. Жогорку Кеңештин төрт депутаты иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Документте жүк ташуучу унааларды аралыкты сактабай айдагандыктан озуп өтүп бара жаткан унаа кайра өз тилкесине кирүүдө кыйынчылыкка туш болору айтылат. Анткени озуп өтүп бара жаткан унаа кийинки унаадан дагы өтүшү керек болот. Мындай учурларда жол кырсыгынын ыктымалдуугу жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан