Кечээ, 25-апрелде Аксы районунун Кербен шаарында үйлөнүү тоюнда жаштарды унаалар эмес, 22 атчан коштоп чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-апрелде окурманыбыз WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, алар алгач Ак-Дөбө айылында болушуп, анан Кербен шаарына келишти. “Жаштар шаар кыдырып жүрүшкөндө милиция кызматкерлери токтотуп, суроолорду берип жатышты. Митинг деп ойлошту окшойт”,- деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.