Кыргыз жергесинде 47 миң адам кант диабети менен ооруйт

КРнын Диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын маалыматына ылайык, былтыр 47 миң адам кант диабети менен катталган. Алардын 12 миңине инсулин дарысы керек. Маалым болгондой, учурда өлкөдө 300 наристе кант диабети илдети менен каттоого туруп, алардын үчтөн бир бөлүгү Бишкек шаарында жашашат. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

25-апрелде “Эң мыкты бала бакча” деп аталган кант диабети менен ооруган балдардын мекемесин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев көрүп чыкты. Жолугушууда бала бакчанын директору жана кант диабети менен ооруган баланын апасы Нурхан Жумабаева: “Өлкөдө бул ооруга кабылган адамдардын жашы жыл сайын жашарууда. Наристелерге сапаттуу инсулин дарысы керек, анан эндокринолог адистери өлкөдө жетишсиз”,- деди.  

Буга байланыштуу министр балдардын ден соолугу ал үчүн жана министрлик үчүн биринчи орунда экендигин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira28
2015-04-28 03:08:48
Атам ушул оорунун айынан каза болду.Бишкектеги Эндокринология отушуп кнтиптир деп карабай койду.Биздин олкодо медмцина артка кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан