Жалал-Абадда цирк өнөрпоздорунун унаасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде окурманыбыз WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, өрт кырсыгы бүгүн саат 05:00 чамасында болгон. Анда Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанында цирк коюп жаткандардын унаасы өрттөнүп кетти. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себеби белгисиз болууда. Алардын цирк өнөрүн тартуулап жаткандарына 2-3 эле күн болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.