Быйылкы жылдын биринчи кварталында миңге жакын баланын кароосуз калганы аныкталды

Социалдык өнүгүү башкармалыгы быйылкы жылдын биринчи кварталында кароосуз калган 925 баланы аныктап чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бул балдардын 70 пайызы же 402си башка үй-бүлөлөргө багып алууга берилген. 176 наристе интернат мекемелерине жөнөтүлдү. Дагы 112 баланын тагдыры учурда чечилүү стадиясында. Ошондой эле чет жерде кароосуз калган 4 баланы кыргыз жергесине алып келүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Белгилеп кетсек, 1-апрелге карата бала багып алам дегендердин саны 207ни түзгөн. 

Мындан тышкары 2609 үй-бүлө жашоо кыйынчылыгына учурагандыгы аныкталган. Ар бири менен иштешүү боюнча пландар коюлуп, алардын 24 пайызы аткарылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suiuktuujar
2015-04-28 20:32:44
Неге ташташат экен балдарын ээх.
0
zhalynbek
2015-04-29 06:12:03
ыйманы жоктор таштайт да дагы биро менен болсом тороп алам деп кыска ойлогон акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан