Бүгүн, 29-апрелде Талас облусунун айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Талас шаарындагы Мырзалиев, Бердике баатыр, Панфилов көчөлөрүндө жана 1-Май, Кара-Суу, Таш-Башат, Ак-Таш, Покровка айылдарында электр чубалгылары оңдолот. Буга байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.