Коргоо министринин милдетин аткаруучу: "Аскердик парад 7-майда эмес, 9-майда өтөт"

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парад 7-майда эмес, 9-майда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйынында коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев билдирди. Анын айтымында, коомчулуктан келип түшкөн сунуштан улам парадды 7-майдан 9-майга жылдыруу чечими кабыл алынды.

Президент Алмазбек Атамбаев 9-майда аскердик парадды башкарышы керек болчу. Бирок ал 7-10-май күндөрү Орусиянын Москва шаарында болот. Ал жерде параддан тышкары Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү маселеси каралат. Мындан улам КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Бишкекте 9-майда өтүүчү парадды жетектейт”,- деди министрдин милдетин аткаруучу.

Кудайбердиевдин айтымында, быйылкы парадга 1500гө жакын аскер кызматкери катышып, 71 аскер техникасы көрсөтүлөт.

Канттагы Орусиянын аскердик базасынан 70 аскер парадга катышат. Быйыл башка жылдардан айырмаланып, жалпысынан 17 учак көрсөтүлөт, алардын 9у тик учак, 8и учак болот. Орусиядан 1,5 миллиард долларлык аскер техникасы келүүдө. Жаңы аскер техникалары да көрсөтүлөт”,- деп билдирди Кудайбердиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kursantbek
2015-04-29 11:48:31
эмнеге милдетин аткаруучу болуп айтылып жатат??? супер-инфо??
0
sirgak_92
2015-04-29 12:20:52
kursantbek, анткени окмот отставкага кеткен Жоомарт Оторбаев баш болуп
+1
Uli6886
2015-04-29 14:44:31
1500 аскер аз эмесби?
0
semakg
2015-04-29 23:20:25
Uli6886, Норма элего? Болбосо жалпы КР боюнча топтоп келууго туура келет. Озу 15мин солдат болсо олко боюнча?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан