Ош шаарында Билим майрамы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 28-апрелде кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган чоң шоу-программаларды камтыган Билим майрамы өткөрүлдү. Ага окуу жайдын факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери, Магистратура департаменти, структуралык бөлүмдөрү, “Зирек” балдар бакчасы катышып, жандуу көргөзмө-презентацияларын, университетте окутулуп жаткан адистиктер жана материалдык-техникалык база менен жакындан тааныштыруу максатында жарманкелерин тартуулашты.  

Салтанатты ОшМУнун таланттарынын жандуу үн, оркестрдин коштоосундагы концерти, өзгөчө бийлер, шайыр тапкычтар клубунан күлкү, дизайнерлердин мода көргөзмөлөрү сыяктуу өзгөчө программалар коштоп, келген коноктордун маанайын көтөрүп, майрамды шаңга бөлөштү. 

Аталган майрамга Ош шаардык мэриясынан, Ош облусунан, билим берүү башкармалыктарынан, жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, Ош облусунун бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен абитуриенттер, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелер болуп жалпысынан
10 000ден ашуун конок келип, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университетке саякат жасашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taza_Bala
2015-04-29 13:07:59
ОшМу жаны ректор келгенден бери абдаан онолду. Молодцы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан