Бүгүн, 19-февралда 7-Апрель окуясы боюнча сот отурумунда "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн мурдагы кызматкери, айыпталуучу Олег Ребенок суралды. Ал 7-апрелде Ак үйдүн короосуна БТРди киргизбөө тууралуу буйрук болгонун айтты. "Танкты короого киргизбөө жана Курманбек Бакиевдин митингчилерге каршы ок аткыла деген буйругун бизге ким айтканын так айта албайм. Ал убакта мен кабылдама бөлмөсүндө элем. Саат 18:00дө терезеден ылдыйды карасам жерде өлүп жаткан жана жарадар адамдар бар экен. Ошондо жанымдагы аскерлер менен "эч кимге ок чыгарбайбыз" деп сүйлөшкөнбүз",- деди Ребенок. "Бирок БТРге каршы ок чыгаруу буйругу келген. Ошол убакта БТР бардык багытка ок чыгарган болчу".
Айта кетсек, бүгүн, 19-февралда Бишкекте Аскердик соттун имаратында 7-апрель окуясы боюнча сот иши өтүп жатат.