Сокулук районунда талап-тоноо кылмышына шектүү жаран кармалды

Талап-тоноо кылмышына шектелип Сокулук районунда 23 жаштагы Ш.Нооруз аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. 16-февралда Новопавловка айылынын 28 жаштагы тургуну Т.Д. милицияга арыз менен кайрылып, чала тааныш бирөө тарабынан тонолгонун айткан. 

Аны кылмышка шектүү жаран райондун Корсакова көчөсүндө күч колдонуп чөнтөк телефонун тартып алып, үстүндөгү кийимин чечтирип алган. Буга байланыштуу Сокулук РИИБинин укук коргоо кызматкерлери аталган жаранды кармашты. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан