Билим берүү министрлиги тарабынан ишке киргизилген “Биздин мектеп” долбоорунун алкагында Бишкек мэриясынын өкүлдөрү өзүлөрү окуган мектептерде окуучулар менен жолугушат. Иш-чаралар мэр Кубанычбек Кулматовдун, вице-мэрлердин жана бир канча башкармалыктын жетекчилеринин катышуусунда өтөт. Алар окуучуларга өзүлөрү аткарган жумуштары тууралуу айтып, ийгиликке жетүү керектиги тууралуу түшүндүрүп беришет.