ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте 274 сом карызы үчүн абоненттин жарыгы өчүрүлдү

Бишкекте 274 сом карызы үчүн абоненттин жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде окурманыбыз WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Окурмандын айтымында, ага 20-марттан 20-апрелге чейинки 274 сомдук карызы үчүн электр энергияга туташкан зымын “Түндүк электр” ишканасынын кызматкери кесип кеткен.

Ушундай акча үчүн кескен туура эмес болуш керек” деп байланыш номерлерине чалсам, 70 сом карыз үчүн да бул ишкана колдонуучуларды жарыксыз калтырууга укуктары бар экенин жана бул кыркылган электр энергиясын жандыруу үчүн мен дагы арыз жазып, 80 сом айып пул төлөшүм керектигин, анан качан күйөрү белгисиз экенин айтышты. Миңдеген карыздары бар заңгыраган үйлөрдүн жарыгын өчүргөндүн ордуна, “өчүрдүк” деген планын карапайым эл аркылуу ушинтип толтурушат тура”,- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
sarbo
2015-04-30 16:13:20
баардык эле жерде ошондой карыз 100сомдон ашканда очуруот жандыруу карызы 164с кошуп толонот
-2
Aidar.001
2015-04-30 16:19:02
Карапайым элди законго такап, акчалуунун отугун ######
мамлекет кызматкерлери да ыйман, ынсаптан алыстап кетишти го
+4
Akil8484
2015-04-30 16:31:29
Буна айта беребиз болбой турган нерсе.... Бирок чыдагыла жакындап калды аткаминерлердин айуно электр жарыгы жок кылынып оздору дарат кагаз сатып олтурган кун да келип калды кайрат кылып тургула КЫРГЫЗЫМ
+4
karona
2015-04-30 16:37:34
Карапайым эл менен болбогон акча учун закондошуп калат, андан коро ошол эл учун деп келген акчаларды чонтокторуно кымырып калгандарга да бир катуураак чара колдонсо дейм.
+3
dina
2015-04-30 16:46:31
убагында төлөбөйбү анан...
-3
nurik2103
2015-04-30 17:59:51
Убагында төлөш керекда, закон закондой болуш керек, ушинтип законду тепселеп журо бергенибиз учун онукпойбуз биз
+2
Akmosha
2015-04-30 21:56:44
nurik2103, Убагында толобогон атка минерлердин 20,000.47,000 карыздарын эмнеге очуро алышпайт.Коркушат,иштен ыргышат,ошого карапайым калк кыйналып жатат.Биздин бийлик ирип,чирип тугонот акыры.Наалат Бийликтегилерге!!!
+5
bom.bon
2015-04-30 20:08:40
Тааныш бишишти да токтотуп законбу демек тегиз ушундай кылыш керек мандатына карабай!
0
alemdar1988
2015-04-30 21:16:52
боорум ооруп кетти иии жарыгын очургонго! ХХХ ХХХ ХХХ... сен озун билесинби колдондубу электр энергиясын акчасын толош керек! акчасы жок болсо колдонбосун электр энергиясын!
0
admin_portal
2015-05-01 11:15:21
alemdar1988 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-04-30 22:03:39
Ошол 274сомду толобой качып кетмек беле эки айды кошуп пенясы менен деле толосо болотко ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-01 11:16:02
AbdiMitalMagamedAliBektur - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт.
-1
aibi8984
2015-04-30 22:35:46
Бир айда ушуга окшогон 10000 мин абонент толобосо Крга канча зыян? Ойлонбой эле ар деме дейбербейли!Чондорго келсек уят эле электрге толобосо!
0
bakyt_2015
2015-04-30 23:54:56
Пайдаланган сон толошун керек да озу деле кичине эле акча экен.
0
mira28
2015-05-01 00:33:47
Биз кыргыз эли уйубуздуниалдынан кара мышык отсо дп бийликке асылганга конуп алганбыз.Аз эле суммадагы акчаны толоо керек бийликти эмес мамлекеттин эрежесин сактабасак кайдан онугобуз.Момквада автобуска билети жок чыксан 2000 рубльдан штраф толойсун ушул сыяктуу эрежелери толтура.Орустар ошого баш ийип жашайт .Бизде андай болсо ак уйду коздоп жонойбуз таш ыргытып.Учурунда токту уурдап иштеткендер да толтура болгон.Ханын сыйлабаган элди кудайым колдобойт деген соз бар.
0
Qnet
2015-05-01 04:02:35
mira28, ошол ханыбыздан толк чыкса, бетинен беш обот элем!
-2
mira28
2015-05-01 15:49:49
Qnet, сени президенттике коюп казынасында эч нерсе жок Кыргызстанды бутуна тургузуп жиберсен сени да 10жолу обот элем.Ооз менен айтуу оной.3-президентти шайладык эмне тапты кайран эл.Эми аны да 274сом алды деп кетирсек сага окшогонду шайлап анан жыргайбыз.Тууган уругунду жыйып келип айлык албай иштеп светти бекер кылып койсон кана эми.
0
AFRODITA-89
2015-05-01 20:29:56
ээ ушундай кабарды да чыгарасынарбы анда элдик кабарга жайнап кететго бардык жерде строго 100 сомдон жогору кыркат бул коно турган закон эле болуп калдыго 274 эмес 101 сомду толобосо да кыркканы акылары бар азыр ошентип калган и эл деле конуп калды окшойт бул маалыматты жазган адам озу уялсын убагында толобогондугунон. Биз жайында эс алганы кетип уйго келсек светти кыркып кеткен экен ии толоп койбоппузда деп озубузду куноолоп 300баланча сом толоп кайра жандыртканбыз озу да биз келген куну кыркан
0
AFRODITA-89
2015-05-01 20:30:13
экен законго баш ийип эле жооп бердик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан