Непалда жүргөн кыргыз жараны кыргыз жерине алынып келет

Непалда жүргөн кыргыз жараны кыргыз жерине алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирди. Анын айтымында, орто жаштагы аял 3 жашар уулу менен Непалда жашап жүргөн. "Учурда АКШнын Индиядагы лагеринде кармалууда. Жакынкы аралыкта алынып келет. Аты-жөнү азырынча тактала элек. Ал эми дагы башка кыргыз мамлекетинин жарандарынын бар-жогун аныктоо улантылууда",- деди басма сөз өкүлү. 
Айрым маалымат булактары кыргыз өлкөсүнүн бир жараны Непалда болгон зилзалага кабылып, жаракат алганын жазып чыгышкан. Бирок мекеме мындай маалыматка ээ эмес экендиги айтылды.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rozalia
2015-05-01 00:20:36
Тоонун куйругу жерге тийгендеби?Башка мамлекеттер алып келди эбак эле.
+5
sergo
2015-05-01 03:37:44
мынча акча берсен алып кетебиз деп жургондурда министирлик билгендеримен россиядагы турциядагы элчилике барсан эле акча сурайт тобо эмне кылып отурат деп тан калып кетем.
+1
erikkarakulja
2015-05-01 12:49:12
Биздин элчиликтерге тан калбай койсода болот себеби акчан болсо кабыл алып жумушунду бутуруп берет жок болсо сен нектосун. Москвадагы элчилик базар элего соодалашып журо бересин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан