Самыйбек Кыдырмышев: “7-апрелде мени Ак үйдөн снайпер менен атышты”

Бүгүн, 19-февралда Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто жабырлануучу Самыйбек Кыдырмышев суралды. Анын айтымында, аталган окуя болгон күнү элге саат 12:00 чамасында ок атыла баштаган. "Жарадарларды такси менен ооруканага жеткирип жаттык. Ал жердеги элдер "Ак үйдүн чатырынан ок чыгып жатат" деген сөздөрдү айтышты. Саат 14:00дө аянтка БТР келген учурда бутума ок тийди. Менин оюмча, ок Ак үй тараптан атылды. Ок бутумду тешип кеткен, азыркыга чейин алган жаракатым толук бүтө элек". Учурда сотто аталган окуя боюнча күбө жана жабырлануучулар суралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uty
2013-02-20 02:48:39
БТРды укмкдан 17-18дерде алып келсе керек еле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан