SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктайт

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктайт!

Бүгүнкү майрам - бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Жашоону көркүнө чыгарып, адамзатты жаңы бийиктиктерге шыктандырып, коомчулукту алдыга жетелеген - ЭМГЕК. Дүйнөлүк өнүгүү процесси бекем байланган ыйык сөз - ЭМГЕК. Мээнеткечтин досу, жалкоонун душманы, ийгиликтин алтын ачкычы - ЭМГЕК. "Жаз - жарыш..." демекчи, дыйкандарыбыз тер төгүп, малчылар жайлоого көчүп, курулуштар жанданып, айтор, эмгектин арты менен жашоо жандана түшкөн учур ушул мезгил.  

Сиздерди Эмгекчилердин күнү менен кызуу куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас кайрат каалайбыз. Албан-албан ийгиликтерди жаратып, ак эмгектен баар таба беришиңиздерге тилектешпиз! 

Майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2015-05-01 13:09:28
Рахмат сиздерди да куттуктайбыз
0
dastan_nookat
2015-05-01 13:40:32
''Кыргызстандыктар майрамыныздар менен чын-журоктон кутуктайм''
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан