Ош облусуна Түркия мамлекетинен дин аалымдары келишет

3-5-май күндөрү Ош облусуна Түркия мамлекетинен Абу Ханифа, имам Матурудий жана имам Сараксийдин илимий чыгармаларын изилдеген окумуштуу, профессор, аалымдар атайын иш сапары менен келишет. Муну бүгүн, 1-майда Ош облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш сапардын алкагында Анкара университетинин профессорлору Бүнйамин Эрул, Энбия Йылдырым жана Газиантеп университетинин профессору Махмут Чынар Ош облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте Кара-Суу жана Араван райондорунда имамдар менен жолугушушат. Мындан сырткары аалымдар Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде конференцияга катышышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан