Ош шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары оорукта эмгектенген 90 жаштагы
Тажикан Сапарбаевага материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын
мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, Тажикан апага борбордук аянтта өтчү салтанаттуу парадга чакыруу жана
азык-түлүктөр “Достук” №2-аймактык кеңешинин төрагасы жана жеке компаниянын жетекчилиги тарабынан берилди.
90 жаштагы Тажикан Сапарбаева согуш жылдары Ош облусунун "Калинин" колхозунун пахта талааларында иштеген. Ал 16-17 жашында бир күндө 100 килограммдан ашык пахта чогултуп, колхоздун алдынкыларынын тизмегине кирчү. Учурда ардагердин 7 бала, 20 небере, 33 чөбөрө, 1 кыбырасы бар.