ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абадда үч эм төрөлдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Миргүл Сагынбаева аттуу окурман бүгүн, 2-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Наристелердин үчөө тең уул экенин айткан Сагынбаева балдардын биринин салмагы 3 килограмм 200 грамм, калган экөөнүкү 2 килограмм 800 граммдан экенин айтты. Маалым болгондой, үч эм 28-апрель күнү район тургундары: 1984-жылы туулган Улан Болотбеков менен 1987-жылы туулган Бегайым Көкөбаеванын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
escape
2015-05-02 18:48:24
Omyrylory uzun bolsun Begaiym kuttuktaimyn
+1
islam14
2015-05-02 18:57:47
Ыйманын берсин!Баарына ушундай эгиз бобоктор насип этсин!Бизге да бере кор эй Аллахым!
+2
Oceana.
2015-05-02 19:50:28
Омуру узун болсун!
+2
balapan
2015-05-02 19:50:41
президент жана азыркы жаны дайындалган премьер жана министрлер бул уй булоого да материалдык жардам болунуп берулуусу керек деп ойлойм, колдоо жана суйунчу катары, анткени ар дайым эле торолуп аткан жери жок уч жана торт эм элдер.
+4
AFRODITA-89
2015-05-02 19:59:33
ааиий жакшыго биз жакта экен озуда, суроттору менен чыгарыныздар бешик боолору бек болсун!
+2
Akmosha
2015-05-02 20:47:10
Мынча сонуун.3 эм эркек,омурлуу болушсун ылайым.
+1
edu.kg.
2015-05-02 21:15:19
Омурлору узун болсун! Булар да кыргыз окмотундо иштеп жаткан чынчылдардын эл учун иштеген адамдардын атарын койуп алышпаса эле
+2
basyz-kaman.
2015-05-02 21:44:03
Кыргызым көбөйө берсин, өмүрлүү болушсун эгиздер!
+1
toshiba
2015-05-02 22:11:10
Омуру узун болсун акыл эстуу болушсун.Ар бир пандага ошолордун катарында магада эгиз балдардан насип этсин Аллахым
+1
beka1207
2015-05-02 22:46:32
Бул жылдын башталышы жакшы болуп атат...эгиздер улам жарыка келип...оздору менен кошо байгерчилик заманды ала келишсин..кыргызым кобойо берсин
+4
jazgul80
2015-05-02 23:16:09
Фотосу гана . Далил жокго
0
AFRODITA-89
2015-05-03 00:44:59
мурун кыздар коптук кылчуу эле мынтип эгиздерди Кудайым бере берсин кыз жигиттер тен эле болушсун бизге да насип этсин Аллахым. Алхамдулиллах!!!
0
nazi25
2015-05-03 10:36:14
Өмүрлүү болушсун.
0
aydarken
2015-05-03 13:00:18
Кандай гана жакшылык кандай гана бактылуу омурлору ден соолуктары мн болушсун бизге да Насип этсин эгиздерди торогон аллхамдулиллах Оомин.
0
Dinki
2015-05-04 00:18:48
Бир ок менен уч коенду атыптыр дегендей жакшы болуптур омурлору менен берген болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан