Бүгүн, 2-майда Тажикстанда барымтада турган эки кыргыз жараны бошотулуп, кыргыз жеринде кармалган 7 тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бүгүн эки мамлекеттин күч органдары сүйлөшүү жүргүзүп, эки тараптын жарандарын өткөрүп берүү чечимине келишкен. Өткөрүп берүү иши Баткендеги Кызыл-Бел айылында болду.
Айта кетсек, 30-апрелде Баткен районундагы чек арага жакын Кара-Бак айылына 9 тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, алардын жетөөсү кыргыз мамлекетинин чек ара күзөтчүлөрүнө колго түшкөн. Качып кеткен экөө Кара-Бак айылынын 2 тургунун барымтага алып, өздөрү менен бирге Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Тажик жарандары аталган айылдан мыйзамсыз түрдө 180 килограмм сымап сатып алууну көздөшкөнү айтылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.