Ноокатта улуттук күрөш боюнча таймаш өтүп, анда 500дөн ашык балбан күч сынашты. Баш байгеге 3 унаа коюлду. Бул тууралуу оюнга күбө болгон окурман 2-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кыргыз балбандарынан сырткары Өзбекстан жана Тажикстандан келген балбандар күч сынашты. 1-Май жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган спорттук иш-чара Ноокаттын “Сахаба” эс алуу багында өткөрүлдү.
“70 килограмм салмакта 300, 80 килограмм салмакта 150, ал эми 90 килограммдан жогорку салмакта 80 балбан күрөштү. Байгеге коюлган 3 унаанын бирин 80 килограмм салмакта күрөшкөн Лейлектен келген балбан, экинчисин Баткен районунан келген 90 килограмм салмак категориясындагы балбан, үчүнчүсүн 90дон ашык килограмм салмакта күрөшкөн Жалал-Абаддан келген балбан утту. 2-3-орунга татыгандарга да байге берилди. Иш-чараны депутат Төрөбай Зулпукаров уюштурду”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.