Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен районунун Кара-Токой айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1925-жылы туулган Шергазы Сүйүнов атанын ден соолугун сурап жана келе жаткан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты. Муну мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Баткен ОИИБинен барган милиция кызматкерлери ардагердин башына бакай калпак, үстүнө чепкен жаап, азык-түлүктөрдү тапшырышты.
“Шергазы ата 9 бала, 36 небере, 48 чөбөрөгө өзүнүн акыл-насаатын айтып, бактылуу карылыктын кучагында экенин кошумчалады. Биз барган учурда өзүнүн сактап жүргөн сайсыз 32 калибрлүү мергенчилик куралын, көзү жакшы жетпей калгандыктан, небереси Элдиярга мыйзамдаштырып берүү жагын суранды”,- деп жазылат маалыматта.