Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата альпинисттер 4,5 миң метр бийиктикке мемориалдык такта орнотушат

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата альпинисттер бийиктиги 4,5 миң метр келген чокуга мемориалдык такта орнотушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акция Бишкек шаардык мэриясы менен КРнын Альпинизм федерациясы биргеликте уюштурууда. Өткөн аптада кыргыз альпинисттерине мемориалдык такта тапшырылды. Бул иш-чарага аталган комитеттин башчысы Шейшенкул Бакиров, альпинисттердин федерациясынын президенти Леван Алибегашвили жана Орусиядан, Украинадан, Өзбекстандан жана Казакстандан келген 100дөн ашуун альпинисттер катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан