Бишкектин Жол-кайгуул кызматындагы бош орундарга талапкерлер 20-майга чейин документтерин тапшыра алышат (тизме)

Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматындагы бош орундарга сынак жарыяланды. Бул тууралуу 5-майда мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, жалпысынан 6 бош орун бар. 

Алар:

  1. Жол-кайгуул бөлүмүнүн башчысы; 
  2. Нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
  3. Издөө бөлүмүнүн ага инспектору;
  4. Издөө бөлүмүнүн инспектору;
  5. 6-взводдун ага инспектору;
  6. Нөөмөт бөлүмүнүн ага инспектор-нөөмөтчүсү.

Документтерди кабыл алуу 20-майга чейин созулат. Андан соң 7 жумушчу күндүн ичинде ЖККнын кадрлар бөлүмү документтер менен иштейт. Мындан кийин талапкерлерге сынактын кийинки этабынын күнү жарыяланат.

Талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:

1. Юриспрунденция, укук таануу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт боюнча жогорку билим;

2. "А", "А1", "В", "В1", "С", "С1" категориялары бар болгон айдоочулук көбүлүгү; 

3. Кенже жана жетекчи курамында бир жылдан кем эмес жана кесип боюнча 3 жылдан кем эмес жумушчу стажы.

Сынакта алар физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшыруу, жазуу түрүндөгү тестирлөө жана аңгемелешүүдөн өтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isanov
2015-05-05 08:39:08
Мындай орундарга ишенимдуу адам керек! Чегинен ашып кутурган адамдары камаш керек! Иштен алып коюуу болбойта. Себеби эртеге алар митинге адам чогултуп чыгышы ыктымал! Эгерде ушул орундарга таттыктуу адамдар отурса ишине ийгилик каалаймын!
+1
nurando
2015-05-05 09:03:16
Кудайым буюрса армиядан келсем менда жумушка киремго
0
Bors
2015-05-05 10:01:31
nurando, кел эсен аман жумушка кир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан