ЭЛДИК КАБАР:Ичимдик ичип алган айдоочунун кесепетинен Бишкекте 3 унаа сүзүштү

Бишкектин Дэн-Сяопин жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Степвагон, Хонда Одиссей жана Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгон окурман 5-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. 
Кырсык 4-майдан 5-майга караган түнү саат 02:30да катталганын айткан окурман жол кырсыгына Хонда Степвагон унаасынын ээси күнөөлүү болуп жатканын кошумчалады. "Степвагондун айдоочусу унааны катуу ылдамдыкта айдап келе жатып Хонда Одиссей менен сүзүшүп, андан кийин Тойота Авенсисти сүзүп алды. Степвагондун айдоочусу мас абалда болгонун айтышты. Ал кырсыктан жаракат алып, ооруканага жиберилди",- деди окурман. 


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан