Ысык-Көл. Балыкчы шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган иш-чара өттү

Кечээ, 4-майда Балыкчы шаарында "Эрдигиңиздерге таазим!" аттуу салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу кыргыз жергесинин Аялдар конгрессинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, оорукта эмгектенген апалар, шаардын мектеп мугалимдери, жакшы окуган окуучулар жана ишкер айымдар катышты. Анын жүрүшүндө келген конокторго Акбагыш Акматылдаевдин "Ата сөзү" аттуу пьесасы уктурулду.

Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев ардагерлердин баатырдыгы, Ата Журтту коргоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн терең таазим этип, оорукта эмгектенген апаларга ыраазычылык билдиришти.

"Ардагерлердин Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы эң биринчи биздин жаштарга керек. Өсүп келе жаткан окуучуларыбызды мекенчилдикке тарбиялашыбыз абзел",- деди Акбагышева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан