ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында курулуп жаткан көпүрөнүн астына 4 күндөн бери суу кирип жатат

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн астына 4 күндөн бери суу кирип жатат. Бул тууралуу 5-майда окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, көпүрө куруп жаткандар Ак-Буура дарыясына барчу суунун арыгын бузуп салышкан. "Аккан суу көпүрөнүн астына кирип, көпүрөнүн түркүктөрү турган чуңкурларга суу толуп жатат. Эгер бул жер аркылуу суу ага берчү болсо, көпүрө бат эле чөгүп кетет",- дейт окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kg-zzzzz
2015-05-05 17:07:03
биздин куруучуларыбыз копуронун болочогун эме оздорунун кунумдук ишине акчасын алсак болду дегендер акчаны алыа алгандан кийин копуроо кулап калса да баарибаир аларга
+1
Medina87
2015-05-05 18:04:19
Кунумдук турмуш менен алпурушкан Оштуктардан 4 кундон бери эстакадалык копуронун туркукторун суу каптап атканын байкаган "Элдик кабардын" болочок СМАРТФОН ээсинин зээндуулугуно баа бердим!!
+3
aligator93
2015-05-05 19:16:40
kg-zzzzz куруучуларгоо зато иштеп меенет кылып алып жатышат конечно куруучуларга деле да жогорудагылар жатып алып жеп атып текшербегендиктен ушундай болуп жатпайбы .тигилер курсакты сылаап жатышатда савынадаа чонток тооло акча каяка чачышты билбей жатышат а бул жакта каанчалаган маанилуу иштер мооунтип ХХХ суу куюлуп жатат.
-6
nota89
2015-05-05 23:45:55
aligator93,мээнет кылса сууну жаап албайбы?
0
admin_portal
2015-05-06 13:18:23
aligator93 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
subfield
2015-05-05 21:37:26
Өкүнүчтүү, кандай сонун шаар болчу.
Азыр бомба кечээ түшкөн сыяктуу куну качкан (развалина). Адамдарынын пейили да начарлап кетти
+1
Qnet
2015-05-05 21:48:23
Эн башкысы кийин ушул копуродон карапайым элим жабыркабаса эле болду!
+3
nota89
2015-05-05 23:45:24
Мырзакматовдун жоктугу ушул((((((Эх туугандар суу кирсе,2 жылда куурап кулап калбаса эле болду.
+1
zoro21
2015-05-05 23:49:46
ооа,Мырзакматов кыйратмак,каяктагыны козгобогулачы,,копуро ансыз деле бутот!! суу киргени чатак болуптур!!ужас просто!ушуну карап коюшпайбы,,,ким жиберсе да азамат! эми кабар алып кой эртен балким сууну жаап салышат)))
0
jazgul80
2015-05-06 00:54:10
Мырзакматов болгондо эчак бутмок копуро . Жаны мээр бир кун кытайдан бир кун башка туристен ветерандарга бере турган акчаны андып отуратда .
-2
abai
2015-05-06 06:29:26
Kandai bolgon kundo da korup turam 10 jylda butup kalsa kerek...
0
skatoruk
2015-05-06 09:35:25
ООО бул жанылык эмес , Копуро башталгандан бери эле ушундай абал. Эми кордунбу? Бирок суунун кайсы туркуктун тубуно кирип жатканын тартпапсын го. Тосулган жерден сыртынан эле тартып алып айта берген да болбойт. Ичкери кирип суротко тартып корчу .
-1
Meka1811
2015-05-06 14:25:17
Жакшылап карап, кайсыл тутуктун астына суу кирип жатканын тартып ,факт менен жазсан боло бул суу эч жака кирбей эле тээ курулуш башталгандан бери эле ушундай агып жатпады беле.
+1
kepka
2015-06-01 23:40:49
копуро бутойун деп калыптыр) бирок мен машина адабайм анын устунон!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан