Мелис Мырзакматовдун агасы катышкан кылмышка шектүү топтун алдамчылык жол менен акча алып жүргөнү тууралуу толук маалымат

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов жана аны менен бирге төрт адам алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу 6-майда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ош шаарынын аймагында жарандарга батир алып берүүнү убадалап, алдамчылык жол менен акча алып жүргөн кылмышка шектүү топ жана аларга карата жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери тууралуу 

М А А Л Ы М А Т:

2013-жылдын февраль айында Б.К. жана Т.Э. аттуу атуулдар “Баткен согушунун ардагерлери” коомун түзүп, ушул коом аркылуу элдин ишеничине алдоо жолу менен кирип, алардын ишеничине кыянаттык кылуу менен бир катар алдамчылык кылмышын жасашкан. Атап айтканда, К.Б. жана Э.Т. өздөрүнүн таанышы болгон Д.Н. аттуу аялдын ишеничине алдоо жолу менен кирип, “үй алып берем” деп анын 7000 (жети миң) долларын алып, андан кийин из жашырып кетишкен.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен 2014-жылдын 12-декабрында 41-14-594 сандуу кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иши боюнча бир канча тергөө амалдары аткарылып, алардын натыйжасы менен бул кылмышти жасаган Б.К. менен Т.Эге 2015-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде издөө жарыяланган.
Мындан сырткары Б.Кнын үстүнөн Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2, 3-пункттары менен 41-15-072 иши боюнча бир жабырлануучудан 500 000 (беш жүз миң) сомдук, 41-15-119 иши боюнча экинчи жабырлануучудан 30 000 (отуз миң) долларын, үчүнчү жабырлануучудан 3000 (үч миң) доллар жана 312 000 (үч жүз он эки миң) сом, төртүнчү жабырлануучудан 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сомдук материалдык зыян келтиргендиги тууралуу арыз түшкөн. 
Айыпкер Б.Кнын кылмыштуу шериги Т.Энин үстүнөн 41-15-063 иши боюнча биринчи жабырлануучудан 20 000 (жыйырма миң) долларлык, экинчи жабырлануучудан 30 000 (отуз миң) долларык, үчүнчү жабырлануучудан 25 000 (жыйырма беш миң) долларлык, төртүнчү жабырлануучудан 500 000 (беш жүз миң) сомдук материалдык зыян келтирилгендиги тууралуу арыз түшкөн.
Аталган кылмыш иштери боюнча Б.К. жана Т.Э. кылмыштуу шериги болгон О.А. аттуу аялдын үстүнөн 41-15-147 иши боюнча биринчи жабырлануучудан 9 000 (тогуз миң) долларлык, экинчи жабырлануучудан 6 000 (алты миң) долларлык материалдык зыян келтирген.
Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасы менен 2015-жылдын 22-апрелинде О.А. аттуу аял кармалып, Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата бөгөт коюу чарасы катары 2015-жылдын 24-апрелинде 2 ай мөөнөтүнө камак түрү тандалган. 
2015-жылдын 1-майында издөөдө жүргөн Б.К. (издөө иши 9361) Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылында кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 2015-жылдын 2-майында айыпкер Б.Кнын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү Ош шаардык соту тарабынан текшерилип, 2 айга камак түрү тандалган.
Жогорудагы кылмыштарды жасаган айыпкерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, алардын кылмыштуу шериги болгон, издөөдө жүргөн А.Б. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 
Кылмышка шектүү катары кармалган 3 адамдын көрсөтмөсү боюнча, ушул алдамчылык кылмыштарына түздөн-түз катыштыгы бар, атап айтканда, ушул үч адамдын элден жыйнаган акча каражаттарын “үй алып беремин” деп алдап алган адам Кара-Суу районунун тургуну К.М. экендиги аныкталган. К.М. изин жашыруу максатында Ош шаарынан Бишкек шаарына кетип бара жатканда 2015-жылдын 2-майында саат 17:30 чамасында кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 94-беренесине ылайык, шектүү катары Ош ШИИБинин УКЖна киргизилген.
2015-жылдын 4-майында К.М. бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 2015-жылдын 2-июлуна чейин камак түрү тандалган.
Азыркы күндө шектүү катары К.Мнын көрсөтмөсүнүн негизинде жогорудагы коомчулукка чуулгандуу жагдайды жараткан кылмыш иштерине Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурунку жетекчиси К.Анын катыштыгы текшерүлүүдө.
Бул кылмыш иштери боюнча жана текшерүүдө болгон арыздардагы көрсөтмөлөрдүн негизинде азыркы күндөгү жарандарга келтирилген жалпы материалдык зыяндын суммасы 1 652 000 (бир миллион алты жүз элүү эки миң) сом жана 132 000 (жүз отуз эки миң) долларды түзөт. Жогорудагы кылмыш иштери боюнча азыркы күндө издөөдө жүргөн дагы бир кылмышка шектүү Т.Э. аттуу жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары аталган ири суммадагы акчаны алдап алганга шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү түрдөгү ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө кайрыла алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (61)
albina2010
2015-05-06 15:36:30
nursultan1 ХХХ ХХХ ХХХ мелис иштедиго тунку саат 12лерде чыгып асфалт куручулардан кабар алып кундузу машиналар коп туну иштейт эмеспи жол куруучулар кайсы чондорду кордун тунжарымда шаар аралаганын укташат алар кыйраткансып
+1
admin_portal
2015-05-06 15:50:30
albina2010 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
admin_portal
2015-05-06 15:43:57
aika1405, сиздин комментарийди эч ким алмаштырбай эле. Сиз жазгандан кийин сиздин комментарийди Ayka1994 аттуу колдонуучу көчүрүп коюп койгон.
0
pirim77
2015-05-06 15:47:29
жедиби жооп бериш керек. мелистин агасы болмоктони аялы болсо да. кызыксынар бир нерсе болсо эле патриот уулу чыгаан балабыз деп чыкмайыбыз бар. ишенген патриотунар таатандан тушкон каражатына сайрандап ар кай жакта качып журот. кыйын болсо ак болсо патриот болсо келип озу кармалып бербейби. тескерисинче оштогу окул уулдары убагында табакташ болгондор анын атынан бидируу таратып интервью берип журушот.мелисти баатыр кылгандар ошолор акчага баарын кылса болот.
-1
pirim77
2015-05-06 15:49:34
Бир ушакты урдурган окул уулу бар журналист сезген озун а чынында журналист эмес эле ой-талдан тушуп келип оозунда ушак кеби бар неме. корунгонду шыбап акча алып жаман уйронгон. ушуга окшгондор мурунку ңрди пайгамбар кылып корсоткондор.
-1
Aidar.001
2015-05-06 16:05:33
Ызы-чуу болуп кетиптир го бул жерде,Мелиске бир ЖАРАТКАНдын озу жардам берсин эми,биздин созду булар чымын чактыга да тенебейт окшойт!!Сабыр, Сабыр жана Сабыр.
+3
aash
2015-05-06 16:08:33
Коменттерди окуп отурдум. Акыры Мелис Мырзакматов Ош шаарында авторитети бар окшойт. Биртууганы анын беделин тушуруп койгон тура. Каап, инисинин эле жолуна тушсо болмок экен, алдамчылык менен алектенбей. Кыныр иш кырк жылда.
0
bom.bon
2015-05-06 16:46:22
aash, мумкун андай кылбаган. Азыр соону ооруу, куноосузду кунолуу кылып коюу оной эле болуп калды кыргызстанда!Ошондуктан кимге ишеништида билбейсин.Бир гана аллах га гана ишенуу керек.
+3
nurik2103
2015-05-06 17:39:49
ХХХ ХХХ ХХХ... болуп калды, бул бийлик шайлоодо еле мыйзам бузуулар менен келген бийликке
0
admin_portal
2015-05-06 17:44:44
nurik2103 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
skromnyi.sexy
2015-05-06 17:51:30
Мелис мырзакматовду ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-06 18:11:23
skromnyi.sexy - эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
mamama
2015-05-06 19:54:51
Бул бийликтин бети жог экен шашпагыла силердин да жооп бере турган кунунор келет.
+1
elgiz0890
2015-05-06 19:55:58
кыскасы мелистин кылган мээнетин баалай албагандар нервинерди коротпой эле койгулачы суранам силерден
+3
mamashov-emil
2015-05-06 20:16:27
jeti min$ uchun al uiumga kirip kyinalyp 7 min$dy aldap algydai alar jash bala emesta al akcha alarga keregi jokda bolush kerek al adamdar juz mindegen $dan suiloitda ushuga adam ishenebi kichine ishene turgan smsti jazyshbaptyrda oshtun ichki ishter ministrleru
+1
MoXiTo
2015-05-06 20:22:47
Статьяларын мясорубкадан өткөн эттей майдалап тактап кынтыксыз такталып ХХХ ХХХ))) эл оозунда дастан болгон Ыргалдын агасы рекет Канжар Кадыралиевди мынчалык тактап артынан түшкөн эч ким жок жазасын да алган жок эххх арман көөөп ...элди келесоо ойлойт көптөр
+3
admin_portal
2015-05-07 11:38:07
MoXiTo - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
miru..
2015-05-06 20:46:07
Дуйнонун тенинен кобун басып алган Чынгысхандын да убакыт отуп,дымы очкон..дуйного мен кудаймын деген "ФЕРАОН"откон бул дуйнодон..алар да оз кылган куноолору учун ылайыктуу азабын тарткандыр..??ойлонгула эл башкарган биздин"КЫЙЫНДАР"силердин мезгилинер отот..жооп берчуу кун анчалык деле алыс эмес..??
0
91mele
2015-05-06 21:32:17
ХХХ ХХХ ХХХ... мелистин ким экенин оштун эли жакшы билет
+4
nurik2103
2015-05-06 22:15:25
91mele, ХХХ ХХХ ХХХ... болот деп
+2
admin_portal
2015-05-07 11:39:30
91mele, nurik2103 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Sagidko88
2015-05-06 23:08:41
Мелис-ак. Коп жумурткадан кыр издебегиле. Эми бир тууганы калды эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан