Сузак районунда Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-апрель күнү Ынтымак айылындагы дамбаны суу жеп, 54 турак үйгө кооптуу абал жараткан. Ошондон бери жээкти бекемдөө иштери жүрүүдө.